Мектептин өнүгүү планы

Мектептин өнүгүү планынын ЖОБОСУ

1.Жалпы жоболор.

1.1   Мектепке окутууну жана тарбиялоону жакшыртуу процессин мектеп командасы башкарат.

1.2  Мектептин өнүгүүсү планы деген эмне (мындан ары МӨП)?

МӨП-келечектеги өздөрүнүн балдарынын өнүгүүсүнө карата  мектептин жана      жергиликтүү коомчулуктун өкүлдөрүнүн мектептин өнүгүүсү боюнча биргелешкен аракеттери тууралуу жана бирдиктүү позициядагы көз караштары чагылдырган документ.

1.3    МӨП-мектеп тарабынан окуу процесинин жогорку сапатын жана баардык окуучулардын жетишкендиктерин камсыздоо максаттарын жана тапшырмаларын ошондой эле адамдардын так сүрөттөлүшүн, катышуучулардын жоопкерчиликтерин так бөлүштүрүлүшүн, реалдуу мөөнөттөрдү, жетишүү индикаторлорун чагылдырат.

1.4    Жалпы жетекчилик  мектептин директоруна же камкорчулар кеңешинин төрагасына жүктөлөт.

1.5    МӨП-келечектеги өздөрүнүн балдарынын өнүгүүсүнө карата мектептин жана жергиликтүү коомчулуктун өкүлдөрүнүн мектептин өнүүгүсү боюнча биргелешкен аракеттери жана бирдиктүү позициядагы көз караштарды чагылдырган документти иштеп чыгышат.

1.6      МӨП-командасына мүчө коомчулугунан алынып түзүлөт.

1.7      Мектеп коомчулугу мугалимдерден,мектеп администрациясынан,окуучулардан, ата-энелерден жана ата-эне ордундагы адамдардан коомчулуктун жигердүү мүчөлөрүнөн жергиликтүү башкаруу органдарынын өкүлдөрүн камтыйт.

1.8     Коомчулуктун баардык мүчөсүнө мектеп жөнүндө маалымат жеткиликтүү болуш керек.